super.kg logo

Өлкөдө блогерлерге салык киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда

 

Кыргызстанда 10 миңден ашык жазылуучусу бар блогерлерге салык төлөө милдетин киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу журналист Эламан Карымшаков социалдык тармактарга жазып, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин курултай делегатына жөнөткөн жооп катынын скриншотун бөлүштү.

Катта көрсөтүлгөндөй, министрлик учурда "Блогерлер жөнүндө" мыйзам долбоорун даярдап жатат. Анын алкагында блогерлердин ишмердүүлүгүнө мамлекеттик көзөмөл орнотулары пландалууда. Ошондой эле 10 миңден ашык жазылуучусу бар блогерлерге салык төлөө милдети киргизилиши мүмкүн экени белгиленген.

Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришкендей, учурда мыйзам долбоору даярдалып жатат.

"Азырынча блогерлер канча катталуучудан кийин салыктын алкагына кирери так эмес. Ошондуктан 10 миң деп айтуу эрте. Мыйзам долбоору толук даяр болсо маалымат берилет",- деп кошумчалашты министрликтен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: