super.kg logo

Илим министрлиги сабактан калган студенттерден акчалай айып пул алууну токтотууну сунуштады 

 

Илим министрлиги сабактан калган студенттерден акчалай айып пул алууну токтотууну сунуш кылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындай сунуш менчик формасына карабастан өлкөдөгү бардык жогорку жана орто билим берүү уюмдарына тиешелүү.

"Сунуш билим алуучулардын укуктарын камсыз кылуу, окуу тартибине карата адилеттүү жана бирдиктүү мамилелерди калыптандыруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө негизсиз каржылык жаза колдонууга жол бербөө максатында берилди. Министрлик колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, акчалай санкцияларга байланышпаган академиялык мүнөздөгү альтернативдүү чараларды колдонууну сунуштайт",- деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев окуу жайларда студенттер сабакка келбей калган күндөрү үчүн акча төлөп жатышканын айткан эле.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: