Экологиялык көзөмөл күчөтүлөт: Автоунаалардагы катализаторлор милдеттүү болот
Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкууга автоунааларга экологиялык талаптарды күчөтүүнү көздөгөн мыйзам долбоору коюлду. Анын демилгечиси депутат Марлен Маматалиев.
Мыйзам долбоору "Жол кыймылы жөнүндө" мыйзамга жана Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Анда унаалардын конструкциясында каралган болсо, каталитикалык нейтрализаторлор (катализаторлор), күкүрт фильтрлери жана башка зыяндуу газдарды азайтуучу системдердин болушу жана иштеши милдеттүү болушу керек экени көрсөтүлгөн. Экологиялык параметрлерди текшерүү техникалык көзөмөлдүн ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет.
Долбоор боюнча экологиялык талапка жооп бербеген унааларды колдонууга тыюу салуу сунушталууда, бузулган учурда төмөнкүдөй айыптар каралган: жеке жактар үчүн 10 миң сом, юридикалык жактар үчүн 35 миң сом.
Мындан тышкары, техникалык байкоо учурунда жасалма документ берүүдөн же экологиялык кемчиликтерди жашыруудан да катуу чаралар каралган. Ошондой эле, катализаторлорду алып салуу же алардын иштешин жасалма көрсөтүү менен алектенген диагностикалык борборлор да жоопко тартылышат.
Мыйзам долбоорунун негиздөөчүсү билдиргендей, өзгөртүүлөр абанын булганышын азайтууга, айрыкча Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарлардагы аба сапатын жакшыртууга багытталган.
Долбоор ошондой эле Кыргызстандын Париж климат келишиминдеги милдеттенмелери менен байланыштуу.
Эгер мыйзам кабыл алынса, ал расмий жарыяланган күндөн күчүнө кирет. Бирок экологиялык системдери жок унааларды пайдаланууга тыюу салган айрым нормалар 2027-жылдын 1-июлунан баштап иштей баштайт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















