Бишкек - Ош жолундагы посттун 7 кызматкери пара алуу учурунда кармалды (видео)
Бишкек - Ош унаа жолунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаментинин карамагындагы салмак-өлчөм көзөмөл постторунда иштеген жооптуу кызмат адамдары кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кызмат адамдары жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмак нормасынан ашып кеткенине карабастан, аны каттабай, тоскоолдуксуз өткөрүп берүү үчүн айдоочулардан 5000 сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын туруктуу түрдө алып турушкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул посттордон күн сайын 150-200гө чейин жүк ташуучу унаа өтөт.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери салмак-өлчөм постторунун жумушчуларын акча алып жаткан жеринен кармашты. 1991-жылы туулган А.З., 1981-жылы туулган С.У., 1998-жылы туулган А.А., 1994-жылы туулган А.Р., 1979-жылы туулган М.М., 1973-жылы туулган Т.Т. жана 1994-жылы туулган А.Б. аттуу кызматкерлер кармалды.
Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.
Транспорт министрлигинин Бишкек-Ош постундагы кызматкерлери пара алуу учурунда кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















