super.kg logo

Төрага мыйзам долбоорлору алгач кыргыз тилинде жазылышы керектигин эскертти (видео)

 

Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу мыйзам долбоорлору алгач кыргыз тилинде жазылып, андан кийин расмий тилге которулушу керектигин эскертип өттү.

"Биз талап койгонбуз, баарына талап бирдей. Мыйзам долбоору биринчи кезекте мамлекеттик тилде, кыргызча жазылышы керек. Андан кийин гана расмий тилге которулушу шарт. Муну эске алып койгула. Ошон үчүн каталар чыгып жатат. Дагы бир жолу эскертип коёлу",- деди төрага.

Жыйында депутат Дастан Жумабеков эл өкүлү Дастан Бекешев сунуштап жаткан мыйзам долбоорунун кыргыз тилинде иштелип чыккан вариантында ката кеткенин, сөздөрү түшүнүксүз жайгашканын айтып өттү. Ал эми Бекешев мыйзам долбоору орус тилинде жазылганын, аны Жогорку Кеңештин тиешелүү бөлүмүнүн котормочулары которгонун билдирди. Ошондой эле үчүнчү окууда редакциялык өзгөртүүлөр киргизиле турганын эскерте кетти.






Төрага мыйзам долбоорлор алгач кыргыз тилде жазылуу керектигин эскертти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: