super.kg logo
  Саясат  

Депутат унааларды легалдаштырууда канча транспорт өтпөй калганын айтты (видео)

 

Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев өлкөгө мыйзамсыз ташылып келген унааларды легалдаштырууда 2 миңге жакын унаа өтпөй калганын айтты.

Депутат отурумда президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, мыйзамдаштыруудан өтпөй калган унааларды кайрадан легалдаштырууну суранды.

"Буга чейин өкмөт мүчөлөрү менен болгон жыйында тийиштүү комиссиянын жетекчиси "тизме түзүп бергиле, эгер тизме көп болсо, кайрадан легалдаштыруу кылганга мүмкүнчүлүктү түзүп беребиз" деп айтты эле. Тизме түзүлдү. Болжолдуу 2 миңдин тегерегинде унаа чогулуп жатат. Демек, мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк бар",- дейт эл өкүлү.

Маматалиев буга чейин мыйзамсыз ташылып келген унааларды легалдаштыруудан өлкө казынасына 1 миллиард 800 миллион сом түшкөнүн белгилеп, аталган маселеге көңүл бурууну өкмөт мүчөсүнөн өтүнгөн.






Депутат чет өлкөлүк номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу боюнча маселе көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: