Ирандагы нааразылыктар: Каза тапкандардын саны 12 миңден аштыбы?

Ирандагы нааразылыктар учурунда каза тапкандардын саны 12 миңден ашык болушу мүмкүн деп кабарланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Алар активисттердин маалыматтарын колдонуп, курман болгондордун толук тизмесин түзүүгө аракет кылууда.
Axios басылмасынын маалыматына караганда, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф Иран оппозициясынын лидери Реза Пехлеви менен жашыруун жолугушкан. Ал арада АКШ мамлекеттик катчысы Марко Рубио жабык жолугушууларда азыр администрация нааразылык көрсөтүп жаткан ирандыктарга күч колдонбой жардам көрсөтүүнү карап жатканын айткан.
Мындан мурун, АКШ Мамлекеттик департаменти жарандарга, өзгөчө союздаш өлкөлөрдүн жарандарына, Ирандан чыгуу тууралуу эскерткен. Президенттин айтымында, жардамдын так формасы учурда коомчулукка ачык айтылбайт.
АКШ президенти Детройтто сүйлөгөндө "Иранды кайрадан улуу кылалы" деп чакырып, өлкөнү азыркы бийликтен мурда улуу болгонун белгиледи.
Маалымдалгандай, Сауд Арабиясы, Оман жана Катар АКШны эскертти: Иран режимин кулатууга аракет кылуу мунай базарларын титиретип, АКШ экономикасына терс таасир этиши мүмкүн. Алар Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташуунун бузулушу тууралуу да кооптонууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















