Парламентте кайрадан окуучулардын китеп маселеси айтылды (видео)
Жогорку Кеңештин 14-январдагы жыйынында депутат Ырысбек Атажанов Баткен облусунун айрым аймактарындагы билим берүү мекемелеринде китеп жетишсиздиги тууралуу айтты.
Эл өкүлү мектептер былтыркы жылы 12 жылдык билим берүү системине өткөнүн, ага карабай айрым аймактарда китеп жетишсиздиги курч бойдон турганын белгиледи.
"Кадамжай районуна караштуу бир топ айылдарда, Айдаркен шаарында, Баткен районунун айрым айылдарында окуучуларга китептер жетишпей жатат. Учурда ата-энелер сатып алалы десе, китеп жок экен. Бул боюнча Агартуу министрлигине тапшырма берип, бул маселени иретке келтирүү керек",- деди депутат.
Атажанов Агартуу министрлигин аталган маселени көзөмөлгө алууга чакырды.
Парламентте кайрадан окуучулардын китеп маселеси айтылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















