Аскат Алагөзов: "Соловьёвдун сандырак сөздөрү расмий деңгээлге таасир кылбайт"
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов орусиялык журналист Владимир Соловьёвдун акыркы эфирлериндеги айткандары боюнча комментарий берди. Анын айтымында, бул сөздөр эфирдеги ондогон сааттык сүйлөөнүн арасында айтылган жана "сандырак" мүнөздөгү билдирүүлөрдүн бири гана.
"Муну орусиялык журналист – алып баруучунун ондогон сааттап ар кайсыл темада сүйлөгөн эфиринин жүрүшүндөгү ара-чолосунда айтылган сандырак сөздөрүнүн бири деп эле кабыл алыш керек. Ал эми жооп берүү маселеси журналист же алып баруучу болгондуктан, ага өз деңгээлинде журналисттер же башкалар жооп берип жатышат. Эгер мындай ойду депутат же министри айта турган болсо, анда алар өз деңгээлинде жооп беришмек",- деп белгиледи басма сөз катчы.
Алагөзов ошондой эле айрым депутаттар Соловьёвду "Persona non grata" деп жарыялоо демилгесин көтөргөнүн белгилеп, бул иштин өзүнүн тийиштүү жол-жобосу бар экенин кошумчалады.
Ал ошондой эле Орусия менен Кыргызстандын, ошондой эле КМШ, ЕАЭБ жана ШКУ уюмдарындагы кызматташтык жогорку деңгээлде жүргүзүлүп жатканын эске салды. Алагөзовдун айтымында, Соловьёвдун жеке пикири расмий саясатка таасир этпейт.
"Владимир Соловьёв мамлекеттик телеканалда эмгектенгендигин жана анын элдер ортосундагы мамилени козутуучу түшүнүксүз билдирүүлөрү достук мамиледеги мамлекеттердин жарандарында кеминде түшүнбөстүктөрдү, айрым учурда ага карата кескин чараларды көрүүнү талап кылып жатканын эске алуу менен, Соловьёвдун жетекчилиги аны тартипке салат деп ишенебиз",- деп кошумчалады Аскат Алагөзов.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















