Салык кызматынын мурдагы башчысынын абактан бошотулушу боюнча УКМК үн катты
Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычовдун сот залынан бошотулгандыгы боюнча УКМК үн катып, алар мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурушканын билдирди. .
"Кылмыш ишинин негизги фигуранттарынын көрсөтмөлөрү, ыкчам иш-чаралар салык кызматынын системиндеги аталган кызмат адамдары катышкан коррупциялык схеманы аныктоого жардам берди. Жемкорлукту жок кылуунун натыйжалары өлкөнүн салык органынын 2025-жылга карата салыктарды 40 миллиард сомго көбөйтүшүнө өбөлгө түздү",- деп белгиленген маалыматта.
Коопсуздук кызматы калган айыпталуучуларга карата кылмыш ишин тергөө уланып жатканын жана анын жыйынтыктары, көрүлгөн чаралар тууралуу коомчулукка маалымат берилерин билдирди.
Айта кетсек, Абдувапов менен Кыдыргычов өлкөдөн чыкпоо милдеттемеси менен сол залынан бошотулду. Экөөнө биригип 700 миң сом айып пул салынды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















