Сурабалдиева азиз балдардын интернатын көчүрүү маселеси боюнча айтты (видео)
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Бишкектеги көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернатын Воронцовкага көчүрүү маселеси боюнча бийлик өкүлдөрүнө кайрылды.
Парламенттин 14-январдагы жыйынында депутат Кыргызстанда көрүүсү начар жана азиз балдардын адистештирилген эки гана мектеп-интернаты (Бишкек жана Ошто) бар экенин белгиледи.
"Бишкектеги мекемеде жалпы 220 бала билим алат. Анын ичинен 100ү аймактардан келсе, 120сы бишкектиктер. Азыркы учурда бул мектепти Воронцовкага көчүрүү боюнча чоң талкуу болуп жатыптыр. Анын ичинде эмгек жамааты, балдардын ата-энелери дагы кайрылып жатышат. "Балдар маршруттарды жылдар бою үйрөнүшөт. Мектептин алыс аймакка көчүрүлүшү балдардын күнүмдүк жүрүшүнөн алыс, ыңгайсыз жана кошумча тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн" деген кооптонууларды айтышууда.
Бул маселе тууралуу өлкө жетекчилигине, өкмөт башчыга жеткирип, мектеп-интернатты ордунда калтырып коюңуздар, сураныч",- деп депутат президенттин жана өкмөттүн парламенттиги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
Депутат көрүүсү начар балдардын мектеби тууралуу айтты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















