Кыргыз-Өзбек ТИМ башчылары телефондо сүйлөштү
Бүгүн, 14-январда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өзбекстандык кесиптеши Бахтиёр Саидов менен телефон аркылуу байланышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, министрлер жүктөрдүн үзгүлтүксүз жана натыйжалуу транзитин камсыз кылуу, ошондой эле аймактык соода жана логистиканы өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин аракеттерин координациялоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Мындан тышкары, 2026-жылы жогорку деңгээлдеги сапарларды даярдоо жана өткөрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар мамлекет башчыларынын жолугушуулары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүдө өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында министрлер эки тараптуу маселелердин бардык багыттары боюнча активдүү саясий диалогду жана практикалык өз ара аракеттенүүнү улантууга өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















