Илхам Алиев: "Бүгүнкү дүйнөдө чечүүчү фактор - коопсуздук жана күч"
Азербайжандын президенти Илхам Алиев жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде заманбап эл аралык тартипке баа берди. Анын айтымында, бүгүн эл аралык укук өз алдынча иштеген механизм болбой калды.
Президент баса белгилегендей, дүйнөлүк саясатта негизги ролду күч, союздаштык, кызматташтык жана коопсуздук ойнойт. Эгер мамлекет күчтүү болбосо, анда ким туура же ким туура эмес экени маанисин жоготот.
Маекте Түрк мамлекеттер уюмунун ролуна өзгөчө көңүл бурулуп, уюм келечекте коопсуздук жаатында да биргелешкен платформа болушу керектиги айтылды. Ошондой эле Зангезур коридору, Борбордук Азия менен байланыштар жана Палестина маселеси боюнча Азербайжандын принципиалдуу, бирок реалисттик позициясы белгиленди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















