super.kg logo

Бишкекте каракчылыкка шектелген өспүрүмдөр кармалышты

 

Бишкек шаарында каракчылыкка шектелип өспүрүмдөр кармалышты. Бул тууралуу 14-январда шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар Э. Мнын Honda Fit үлгүсүндөгү унаасынын айнегин сындырып, бутуна бычак сайышкан. Андан соң унаасын белгисиз багытка айдап, из жашырышкан. Ошондой эле унаанын ичиндеги 23 миң сомдук телефонду алып кетишкен.

Мындан тышкары, жабырлануучунун жанында болгон А. Р. аттуу жаранды күч колдонуу менен ак түстөгү Hyundai Sonata унаасына отургузуп, белгисиз багытка алып кетишкен. Ал жерде анын уюлдук телефонун тартып алып, изин жашырышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2007-жылы туулган Э. Т. , 2006-жылы туулган У. Д., 2007-жылы туулган М. А., 2009-жылы туулган А. Т., 2009-жылы туулган М. Т., 2009-жылы туулган Ж. Р. жана 2007-жылы туулган А. Р. аттуу шектүүлөр кармалышты.
Азыркы учурда тергөө иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: