Өзжан Дениз. Өнөрү да, чуусу да көп актёр
Түркия шоу-бизнесинде Өзжан Дениз деген ысым эки нерсени көз алдыга тартат. Бири – таланттуу ырчы, күчтүү актёр, мыкты режиссёр, экинчиси – тагдыры сыноого толгон, үй-бүлөсү менен тил табыша албаган чуулгандуу жылдыз. Бирок бир нерсе анык, Өзжан Дениз деген ысым көптөрдү кайдыгер калтырбайт.
Оор балалык
Өзжан Дениз 1972-жылы Анкарада төрөлгөн. Көп балалуу үй-бүлөдө өскөн биздин каарман жаштайынан турмуштун оордугун көрүп чоңойгон. Атасы менен апасы ажырашкандан кийин үй-бүлө материалдык жактан катуу кыйналган. Дал ошол оор турмуш аны эрте жетилтип сахнага, музыкага алып келди. "9 жашымда сахнага чыктым, 13 жашымда алты бир тууганымды жана апамды бакканга жарап калдым" деп баяндайт ал маектеринде. Бойлуу, харизмалуу, ар тараптан таланттуу жаш жигитке көңүл бурулбай калышы мүмкүн эмес эле.
Жаш Өзжан алгач ресторандарда, чакан сахналарда ырдап жүрүп, элге тааныла баштайт. 16 жашында гастролдорго чыгып, 17 жашында Германияга кетет. Үч жыл бою вокалдан сабак алып, кайра мекенине келип чыгармачыл жолун баштаган.
Алгачкы эле альбому хитке айланып, аздан соң актёрдук жолго да ишенимдүү кадам таштайт. "Asmal Konak" сериалы Өзжан Денизди чыныгы жылдызга айланткан. Андан кийин көптөгөн татаал, эрктүү каармандарды жарата алды. Романтик, күчтүү каарман көрүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырды. Бирок экран артындагы жашоо таптакыр башкача болчу.
Сүйүүдөгү карама-каршылыктар
Өзжан Дениздин жеке жашоосу дайыма сүйүү драмалары, ажырашуулар, көз жаш жана таарынычтар менен коштолуп келди. Дениз, Фазрие Евжен сыяктуу атактуу актрисалар менен сүйүү мамилесин куруп, бирок ийгиликсиз болгон.
Өзжан Дениздин эң көп айтылган сүйүү баяндарынын бири – актриса жана модель Фейза Актан менен болгон мамилеси. 2018-жылы экөөнүн сүйүүсү бат эле никеге айланып, бул жаңылык күйөрмандарын кубанткан. Бирок жомоктой башталган бул союз көп узабай чырга айланды. Нике бузулгандан кийин ортодогу бала, алимент жана камкордук маселеси эки тарапты сотко чейин алып барды. Фейза Актан сүйүүнүн ордун коркунуч жана басым басты деп билдирсе, Өзжан Дениз бул дооматтарды четке каккан. Бул окуя түрк медиасында “жылдыздардын эң оор ажырашууларынын бири” катары сыпатталган. Өзжан баласы тууралуу маектеринин биринде "уулум – менин жашоодогу кайрадан жаралышым" деп айткан.
Апасынын жана агасынын чыккынчылыгы
Акыркы жылдардагы эң чоң чуулгандуу окуя – Өзжан Дениздин өз апасы жана агасы менен араздашуусу болду. Актёр социалдык тармактар аркылуу өтө оор билдирүүлөрдү жасаган. Өзжан Дениздин айтымында, агасы анын мүлкүнө, акчасына байланыштуу маселелерде мыйзамсыз аракеттерге барган. Ал эми апасы агасын колдогон. Бул окуя актёр үчүн чоң психикалык сокку болуп, ал: "Өз үй-бүлөмдөн мындайды күтпөдүм эле",- деген.
22 жашка кичүү жубайы Самар Дадгар
Өзжан Дениздин турмушу ар дайым кызыгуу жаратып келген. 2023-жылы өзүнөн 22 жаш кичүү айымга баш кошкон.
Самар Дадгар — иран тектүү мода дизайнери. Ал шоу-бизнес өкүлү болбосо да, Өзжан Дениз менен болгон мамилесинен кийин түрк медиасынын көңүл чордонунда калды. Экөөнүн ортосундагы жаш айырмачылык да коомдо кызуу талкууланган темалардын бири болду. Айрымдар бул сүйүүнү “чын жүрөктөн чыккан сезим” десе, башкалар “убактылуу роман” катары баалашкан. Өзжан Дениз менен Самар Дадгар бир нече жыл сүйлөшүп жүргөндөн кийин расмий никеге турушкан. Бирок бул нике көп чыр менен коштолду. Айрыкча ырчынын апасы жана айрым туугандары бул никеге каршы экени ачык айтылып, үй-бүлө ичиндеги жаңжал коомчулукка чыгып кеткен. Самар Дадгар болсо коомчулуктун сынына карабай Өзжан Денизге колдоо көрсөтүп келгенин социалдык тармактар аркылуу байма-бай билдирип келет. Өзжан Дениз жубайын коргоп, аны “менин жашоомдогу эң чоң таяныч” деп атаган учурлары болгон. Айрым маектеринде “сүйүү үчүн жалгыз калсам да өкүнбөйм” деген сөздөрү эл ичинде көп айтылды. Айрымдар бул сүйүү убакыттын сыноосунан өтөт деп ишенсе, башкалар бул союзду түрк шоу-бизнесиндеги эң талаштуу никелердин бири катары мүнөздөшөт. Бир анык нерсе бар – Самар Дадгар Өзжан Дениздин жашоосунда жөн гана жубай эмес, анын тагдырын өзгөрткөн аял катары тарыхта калды.
Ден соолук жаатындагы коңгуроо
Жан дүйнөсүндөгү бороон-чапкын ден соолукка да таасирин тийгизбей койгон жок. Өзжан Дениздин жүрөгү менен байланышкан олуттуу көйгөй жаралып, оор операциядан өткөнү маалымдалды. Бул кабар анын күйөрмандарын катуу чочутту. Дарыгерлер ага стрессти азайтуу керектигин эскертишкен. Бирок шоу-бизнес менен жашаган адам үчүн бул оңой эмес. Учурда Өзжан Дениз мурдагыдай коомдук иш-чараларга көп чыкпайт. Бирок анын ичинде дагы эле чечилбеген таарыныч, айыкпаган жара бар экени сезилет. Өзжан Дениз – сахнада күчтүү актёр, жылдыз, жана жеке жашоосунда бакыт үчүн күрөшкөн жөнөкөй адам. Балким, дал ушул чыныгы адамдык кайгысы аны элге жакындатат...
Кызыктуу фактылар
• Өзжан Дениздин атасынын агасы дүйнө жүзүнө белгилүү музыкант болгон.
• “1000ден ашык серияда роль жараттым, 6 миңдей концерт бердим, 16 тасманы койсом, жарымына өзүм продюсердик кылдым. Ролдорумду санай албайм” деген бир маегинде.
Бир эле адамдын көптөгөн таланты таң калтырбай койбойт. Музыкант, актёр, режиссёр, сценарист, продюсер. Мунун баары мыкты деңгээлде колунан келет.
• Уулу Кузейди ар маегинде “кереметим” деп атап келет.
• Акыркы чоң долбоору “Кызыл бүчүрлөр” деген аталыштагы сериал болду. Анда таланттуу психологдун ролун аткарат.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















