Байлыгы Ташиевди таң калтырган мурдагы аткаминер жеңил жаза менен кутулдубу?
Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов камактан бошотулганы маалым болду.
Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 25-декабрда аларды Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча күнөөлү деп тапкан. Натыйжада, Абдуваповго 400 миң сом, Кыдыргычовго 300 миң сом айып пул салынган жана алар кызматка баруу, ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан ажыратылып, наамдарынан, класстык чиндеринен жана мамлекеттик сыйлыктарынан кол жууган.
УКМК бул боюнча маалымат берип, алар мамлекетке 4 миллиард 307 миллион сом өлчөмүндө материалдык чыгымдын ордун толтурушканын билдирди.
Райондук сот аларды күнөөлү деп тапкан 337-беренеге токтолсок, анда айыпталуучунун күнөөсү далилденсе 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу менен жазаланары жазылган. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2025-жылдан тарта коррупция менен кармалгандар айып пул менен гана кутулбай турушканын айткан жайы бар. Ал жемкорлор камалышарын баса белгилеген. Анда дал ушул 337-берене да айтылган.
УКМК аларга карата тергөө иштери мыйзамга коррупция жана кызматтык кылмыштар үчүн жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин башталгандыктан жогорудай чечим чыкканын белгилейт.
Айта кетсек, атайын кызмат аларды 2024-жылдын 6-декабрында кармаган болчу. УКМК алар электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар деп шектелип жатканын билдирген.
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев былтыр июль айында Ош облусундагы жыйында Алтынбек Абдуваповдун байлыгы 55 миллион долларга барабар экенин айтып, таң калган.
Былтыр ноябрда болсо, ЭлТР телеканалы Алтынбек Абдувапов жана анын командасындагы салыкчылардын коррупциялык схемаларын ачыктаган иликтөө жарыялаган. Анда салыкчылар 3 коррупциялык схема түзүшкөнү айтылат. Биринчи схема боюнча алар ири салык төлөөчүлөрдү мыйзамсыз текшерүүгө алып турушкан.
Экинчи схема электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарына байланыштуу. Абдуваповдун үчүнчү схемасы кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана акчаларды чет өлкөлөргө чыгарууга багытталганы баяндалат. Аталган схемалардан өлкө казынасына олуттуу зыян келтирилгени жана Абдувапов миллиондогон сом киреше таап турганы да кошумчаланган.
Атайын кызматтын тараткан маалыматында аталган иш боюнча калган айыпталуучуларга карата тергөө иштери уланып жатканы белгиленет. УКМК 10-декабрда Абдувапов менен байланышы бар делип 2 адам кармалганын кабаралаган эле.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















