super.kg logo

Өлкөдө унаа сатуудагы салыктык жеңилдиктер маалымдалды

 
Салык кодексине жеңил автомототранспорт каражаттарын сатууда убактылуу салыктык жеңилдиктерди караган өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, бул өзгөртүүлөр 31-декабрдагы президент Садыр Жапаров кол койгон мыйзамга ылайык киргизилди. Алар 2029-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот жана ТЭИ ТН 8703 товар позициясына кирген автомототранспорт каражаттарына тиешелүү.
Тактап айтканда, төмөнкү салык жеңилдиктери каралган:
– жеке жактар тарабынан (катталган жеке ишкерлер жана юридикалык жактардан тышкары) жеңил автомототранспорт каражаттарын сатуу системалуу негизде жүргүзүлгөн ишмердүүлүк деп эсептелбейт. Анын ичинде календардык жыл ичинде экиден көп унаа сатылган учурда;
– жеке жактар тарабынан жеңил автомототранспорт каражаттарын сатууда киреше салыгы салынбайт;
– жеңил автомототранспорт каражаттарын сатууда түшкөн кирешелер пайда салыгынан бошотулат;
– жеңил автомототранспорт каражаттарын жеткирүү кошумча нарк салыгынан бошотулат;
– жеңил автомототранспорт каражаттарын сатуудан алынуучу салыктан бошотулат.
- жеке жактар (жеке ишкерлерден тышкары) 2026-жылдын 1-январына чейин унааларды сатуудан алган кирешелери боюнча салык, туум жана санкциялардан бошотулат.
Кабыл алынган ченемдер калкка жана ишкердик субъекттерине салыктык жүктү азайтууга, ошондой эле автотранспорт каражаттары рыногундагы операциялардын ачыктыгын стимулдаштырууга багытталганы маалыматта кошумчаланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: