Окуяларга бай кышкы тасмалар
Убакыттын өткөнү билинбей эле жыл жаңырып калды. Эс алуу мезгилинде даамдуу тамак жеп, уктап, “Супер-Инфо” гезитин окуп, жаңы жылдык тасмаларды көрүп эс алып, энергия, күч топтоп алдыңызбы, окурман? Кайсы тасмаларды көрдүңүз? Алдыда биз көрүп жүргөн кышкы, жаңы жылдык фильмдердеги кызыктуу окуялар...

Брежневге жаккан “Тагдыр тамашасы же Жеңил парыңыз менен!” тасмасы
Жаңы жылдагы классикага айланган “Тагдыр тамашасы же Жеңил парыңыз менен!” тасмасына тиешелүү кызыктуу окуялар көп. Четинен айта берели.
1968-жылы композитор Никита Богословский, сценарист Эмиль Брагинский жана режиссёр Эльдар Рязанов үчөө отуруп алып “Жеңил парыңыз менен же бир жолу Жаңы жыл түнү” аттуу пьесаны иштеп чыгышат. Болгон окуянын негизинде жаралган, Никита Богословскийдин досунун башынан ушундай окуя өткөн экен. Пьеса чакан театрлардын репертуарына оңой кошулат деген максат бар эле, декорациянын жөнөкөйлүгү, каармандардын аздыгы, ошол эле учурда кызыктуу сюжетти камтыган пьеса бат эле театр сүймөнчүгүнө айланган. Бир нече жылдан кийин гана Рязанов пьесаны тасма кылып тартып, ал бүтүндөй СССР өлкөлөрүндөгү жаңы жылдык эң популярдуу тасмага айланган.
Надянын ролуна советтик актрисалар Людмила Гурченко, Светлана Немоляева, Алиса Фрейндлих каралган. Бирок бири да образга 100 пайыз кире албай койгон. Ошондо режиссёр польшалык Барбара Брыльсканы эстеп, өзү Варшавадагы актрисага телефон чалып кастингге чакырган. 1-2 пробалык кадрдан кийин эле актриса Надянын ролуна бекитилген.
Жаңы жылдын алдында Женя жана анын 3 досу мончодо парда отуруп алып сыра ичкен эпизод бар эмеспи. Чынында ал кадрлар ысык мончодо эмес, “Мосфильмдин” бир муздак павильонунда тартылган. Тасмада айтылган Сандун мончосунан идишке салынган пальмалар гана алынган. Ал эми 2 бочка чыныгы сыра актёрлорго абдан жаккан.
Тасма тартылып, монтаждалып бүткөндөн кийин 6 ай экранга чыкпай туруп калган. Анткени режиссёр Эльдар Рязановду тасмада аракечтикти пропагандаладың жана башка себептер менен экранга чыкпайт деген коркутуулар болуп келген. Бактыга жараша тасма тууралуу кабар Леонид Брежневге жетип, көргөндөн кийин ага жагып калган да, экранга чыгарууга уруксат берген.
“Үйдө жалгыз”: Маколей Калкиндин колун тиштеп...
Голливуддун жаңы жылдык классикалык тасмасы кайсы? Албетте, “Үйдө жалгыз” франшизасы. Андагы терс каармандардын кичине бойлуусун аткарган актёр Жо Пеши кичинекей Кевин (Маколей Калкин) андан чындап коркуусун каалаган. Чындап корккондо гана камерада жакшы эмоциялар пайда болмок. Андыктан ал Маколей менен тасма талаасында аз жолукканга, жолукса да тамашалашпаганга, жакын болбогонго аракет кылчу. Сүрдүү көрүнүшү керек эле. Анан да тасмада Кевинди эшиктеги илгичке илип, “азыр манжаларыңды бирден тиштеп жулуп салам” деген эпизод бар го. Пеши чындап эле Маколейдин бир манжасын катуу тиштеп салган.
Азыркы АКШнын президенти Дональд Трамп “Үйдө жалгыз” тасмасына тартылганын билесизби? Билбесеңиз, эскертели. Кевин “Плаза” мейманканасына кирип, “бул жерде холл кайда?” деп сурайт. Ага болсо мейманкананын кожоюну, тагыраагы, Дональд Трамп жол көрсөтөт.
МакКалистердин үйү Чикагонун Виннетка айылындагы Линкольн Авеню 671 дарегинде жайгашкан жеке менчик үй. 1920-жылы курулган. Иллинойс штатынын туристтерге көрсөтүлүүчү атайын жайларынын тизмесинде.

Юрий Никулин баш тарткан “Иван Васильевич кесибин алмаштырат” тасмасы
Тасманын сценарийи советтик атактуу актёр Юрий Никулинге ылайыкталып жазылган. Режиссёр Леонид Гайдай баш каарманды Никулин ойнойт деп ойлогон эле. Бирок актёр тасма мурда көркөм кеңеш тарабынан тыюу салынган Михаил Булгаковдун пьесасынын негизинде тартыларын билип, баш тартып койгон. Никулин советтик цензура тасманы баары бир өткөрбөйт, жарыкка чыкпайт, ага убакыт, эмгек коротуунун кажети жок деп эсептеген.
Милославский бир калемди Шпактан уурдап алып, кийин элчиге белек кылган эпизод эсиңиздеби? Ал ошол кезде экзотика катары сезилген, сатыкта жок жылаңач аялдын келбети түшүрүлгөн калем эле. Аны Гайдай өз үйүнөн алып келген. Көркөм кеңеш калемди чоңойтуп көрсөтүүгө тыюу салган, андыктан алыстан тартылган эпизод гана көрсөтүгөн.
“Шакектер шаасы” “Гиннесстин рекорддор китебинде”

"Шакектер шаасы" (“Властелин колец”) трилогиясы канчалык жаңы жылдык тасмалардын категориясына кирет билбейм, бирок жаңы жылдык майрам күндөрү көп көрсөтүлгөн тасмалардын катарына кирет. Ошондуктан бул тасманын кызыктарына да көз жүгүртөлү.
Трилогия Жаңы Зеландиянын экономикасына 200 миллион доллардан жогору каражат алып келген. Азыркы учурда да тасмада колдонулган айрым декорациялар бузулбаган боюнча турат, туристтер үчүн. Мисалы, эшигинин алдында “Хобиттонго кош келдиңиз!” деген жазуусу бар хобиттердин үйү.
Трилогия “Оскар” сыйлыгынын рекордчусу катары “Гиннесстин рекорддор китебине” кирген. Ар бир бөлүгү чыккан сайын аталган сыйлыктын статуэткалары көбөйгөн, тагыраагы, 30 номинацияга коюлуп, анын 17синде жеңишке жеткен. Өзгөчө “Падышанын кайтуусу” бөлүмү 11 номинацияга коюлуп, баарында жеңишке жеткени менен эсте калган.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















