super.kg logo
  Саясат  

Дайырбек Орунбеков айрым депутаттардын сындарына жооп берди

 
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын парламент жыйынында көтөрүп жаткан маселелери боюнча жооп берди. Бул тууралуу билдирүүнү ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Айта кетсек, депутат Бекешев 14-январдагы парламент жыйынында Бишкектеги ботаникалык бактын ичине футбол аянтчасын курууга каршы пикирин билдирген эле.
"Ботаникалык бактын абалы мурда кандай эле? Кароосуз калып, бактары куурап, сугат системасы иштен чыккан, ичинде жырткыч жаныбарлар, чөөлөр аралап, сейилдеп баса турган жолдору караңгы, кечкисин кылмыштуу окуялар катталган аймакка айланып калбады беле?
Президентибиздин тапшырмасы менен азыр оңдолуп жатат. Сейилдеп басып жана чуркай турган тротуарлар курулуп, бактын ичи жарыктандырылып, видео байкоолор, 8,5 чакырым болгон веложол бар. Үч скважина казылып 270 метрден суу чыгарылды. Учурда бактарды тамчылатып сугаруу системасы коюлуп жатат. Куурап калган бактарды калыбына келтирүү, өсүмдүктөрдү өстүрүү, коргоо жана функционалдык милдеттерине зарыл болгон муктаждыктардын баары жасалууда. 147 гектар болгон ботаникалык бактын тосмосу толук жаңыланды.
Шаардыктардын суранычы эске алынып, таштак, эч кандай бак өспөгөн жерине ден соолукту чыңдоочу аянтча курулууда. Анын ичинде мини футбол аянтчасы дагы бар.
Дастан Бекешов мына ушуну айтып, каршы чыгып жатат. Мини футбол аянтчасына жаштар келип машыгат, ойнойт, андан түшкөн каражат кайра эле ошол бакчаны тейлөөгө кеткен муктаждыктарга жумшалат. Буюрса, жай айына чейин бүтөт, ошондо мурдагы абалы менен кийинки жыйынтыгын салыштырып көрүп, анан баа бересиздер. Ага чейин жумурткадан кыр издеп каршы чыга берген орунсуз деп эсептейм", - дейт Орунбеков.
Ал эми депутат Камила Талиева жыйында мамлекеттик сыйлыктар боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоору тууралуу маселе көтөргөн.
Анда депутат “мамлекеттик сыйлыктар боюнча сунушталган мыйзам долбоорунда: “Кеменгер” наамы деген бар экен. Ушу кантип болсун, мындай сыйлыкты ким ойлоп таап сунуш кылды?” - деген эле.
"Камила Абдразаковна, Жогорку Кеңештин трибунасынан маселе көтөрүп жатканда алгач тактап алып, анан микрофонго чуркасаңыз болмок. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке 2025-жылдын 17-декабрында расмий киргизилген. Мыйзам долбоорунда “Кеменгер” наамы деген сөз жок. Долбоорду кайра карап чыгып, жакшылап окуп көрүүнү сунуштайм.
Ал эми Эл акыны, Эл жазуучусу деген наамдар бириктирилип калыптыр депсиз, эми аны депутаттар талкуулап, сунуш берип, толуктап, алымча-кошумча кылып койсо болот", - деп жазды Орунбеков.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: