super.kg logo

"Сага жакпаган сары гүл..."

 

“Ий, 15 мүнөткө кечиктим. Дагы тултуят турбайбы...” деп ичимден кыжалат боло келе жаттым. Кашайып жол тыгыны менин шашып жатканымды келекелегенсип түбү көрүнбөйт го, чиркин. Акыры 15 мүнөт эмес, жарым саат кечигип бардым. Анан телефондон жалдырамай башталды “чыгып койчу” деп. Чыктың. Бултуюп. Бултуйганыңда эриндериң боорсоктой болуп сонун болуп калат. Азыр да көзүмдү эриндериңден ала албай карап турдум, “өптүрбөйт го бул турушу менен. Баса, гүл алып келбедим беле...” Оюма гүл түшкөндө машинама шашыла жөнөдүм. Негедир жана гүл саткан дүкөнгө киргенде алгач эле ушул сары гүлдөр көзүмө жакшы көрүнгөн. Атын деле сурабаптырмын. Өзүм розадан башкасын ажырата албайм. Дайыма роза берчүмүн, чоңун-кичинекейин, агын, көгүн, кызылын, узунун-кыскасын, айтор, түрдүүсүн. Бул ирет ушул сары гүлдөр “мени алчы” деп өздөрү чакыргандай болду.

– Сага! - дедим кубанычтуу.

– Хмм...

– Эмне, жакпай калдыбы?

– Бул гүл эмненин символу экенин билесиңби?!

– Билбейм. Көзүмө жакшы көрүндү, сага да жакса керек деп ойлонуп эле алдым.

– Сары өң – расставаниенин белгиси.

– Койчу, жаным. Ушундай жаман нерселерге эле маани берип жүрөсүң. Жакшыны ойлосоң.

– Ошондо менин ойлорумдун баары жаман экен да... - дедиң ызырынып. Бут алдындагы муздай муздак көз карашыңдан жүрөгүм үшүп кетти.

– Жок, антип ойлободум. Кечир катуу тийсе. Кел, мен сага башкасын алып берем. Кандай гүл каалайсың? Айтсаң бат эле алып келе калам, же буюртма берели чогуу тандап.

– Кереги жок гүлүңдүн. Сенден мага эч нерсенин кереги жок! Билсең, чарчадым. Жарым жыл болду, сага болгон сезим ойгонот дегем. Ойгонбоду, уктаган боюнча жатат. Тескерисинче, күндөн-күнгө сенден качкым келчү болду...

“Эмне деп жатасың?..” бул суроону өңүмдө айттымбы, үнүм чыктыбы? Билбейм... Калган сөздөрүң кулагыма кирген жок. Баягы муздак көз карашың менен дагы бир топ сөз айттың да, гүлдестени колума карматып, шарт бурула басып кеттиң. Артыңдан кадам шилтөөгө бутум барбады. Мындай уруш-талаштын канчасынан өттүм, канча жолу жалдырадым, элдештим. Бирок азыр гана бул мамиле мен үчүн гана маанилүү болгонун түшүнгөнсүймүн. Бүттү! Мейли, бүтсө бүтсүнчү! Негедир өзүмдү жеңилдегендей сездим.

Машинама отурдум да, адатымча сага жаккан ырды эмес, өзүмө жаккан Бек Борбиевдин ырын койдум
“Тоо булагы аккандай,

Алма бүчүр ачкандай,

Айга Чолпон жаккандай,

Мен сени сүйөм...”

Жаңы жылдын шааниси менен шаар жасанып, көркүнө чыгып калгандай. Аянтка бара элегиме канча болду? Бекер турбай жаңы жылдык балатыны көрө кетсемби. Эшик суук болсо да эл көп экен аянтта. Жаңы жыл негизи жаш балдардын майрамы, ээ, карачы беттери кыпкызыл болуп үшүсө да жыргап ойноп жүрүшкөнүн. Бат эле үшүп кеттим. Ошентсе да аянтты айланып жүрө бердим. Тээтиги кыз деле тоңуп калыптыр, байкуш. Буттары менен анда-санда жер тепкилеп коюп турат. Башында топу эмес, ак шарф салып алыптыр, үстүндө чоң күрмө.

– Чоң кыз, үшүдүңүзбү?

– Үшүдүм... - деди күлө карай. Жылмайганы өзүнө жарашат экен деп койдум.

– Сиз деле үшүптүрсүз, мурдуңуз кызарып калыптыр.

– Жок, мен үшүгөн жокмун. Аяз аталар үшүбөйт да.

– Аяз атага мурдуңуз эле окшош го...- деди эми үн чыгара каткырып.

– Мен заманбап Аяз атамын. Азыр ырдап же бийлеп берсең белегим да бар.

– Чын элеби? Менде андай ырлар көп,- деп шытырата айтып кирсе болобу. Бөбөктөрү бар окшойт кичинекей, болбосо мынча ырды кайдан билет эле... Айтып бүтүп эки алаканыңды тостуң “кана белегиң?” дегендей. Эми эмне берем?

– Азыр, бир аз күтө тур. Мен азыр...- машинама чуркап жөнөдүм. Баягы гүл эсиме түштү. Бул кыз да сары экенин көрүп гүлдү ыргытып жибербейби? Чуркагандан күйүгүп алгам, келсем баягы ордуңда эле экенсиң. Гүлдү сундум. Ошондогу таңыркаган, кубанган көз карашыңды унутпасам керек.

– Вау, кайдан таптыңыз? Сонун го.

– Жактыбы?

– Жакпагандачы, жөжөдөй болуп сонун го...

– Бирок кыздар сары өңдү жактырбайт экен го, расставание беле, ошонун белгиси деп?

– Өңгө эмне кирип кетиптир дейсиз. Өңдөр жашообузда маселени чечкен ролго ээ боло элек го. Ошончо эле маани бергиңиз келсе, сары өң – жылуулуктун, күндүн, жарыктын белгиси десеңиз деле болот.

Ушул жөнөкөй сөздөрдү айтып жаткан жөнөкөй кыз ошол көз ирмемде жүрөгүмдүн жарасына акырындап дары сөздөрдү себелеп жатканын билген эмес. Бирок мен билдим. “Балким...” деди жүрөгүм өзүнө дагы бир мүмкүнчүлүк бере.

– Балким, мага телефон номериңди бересиң, чоң кыз?

– Эмнеге беришим керек? Гүл үчүн рахмат дегеним жетишпейби?

– Гүл үчүн эмес. “Жаңы жылың менен!” деп жазыш үчүн...

Чындап эле “Жаңы жылың менен!” деп жаздым. А сенден “Сары гүл үчүн рахмат!” деген жооп келди. Оозум жылмаюудан жыйылчудай эмес...

Адил









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: