Бишкекте аял мурдагы күйөөсүн жаакка чапкандыгы үчүн айыпка жыгылды
Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту мурдагы күйөөсүн жаакка чапкан аялга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына юрист Нурбек Токтакунов билдирди.
Анын айтымынды, аял көп жылдар бою мурдагы күйөөсү тарабынан физикалык жана психологиялык зомбулукка кабылып келгенин белгиледи. Муну тастыктаган 16 коргоо ордери, ошондой эле Ленин райондук сотунун Кыйноо беренеси боюнча чыккан өкүмү да бар экенин билдирди.
Бирок Свердлов райондук прокуратурасынын өкүлү сотто мурдагы зомбулук учурлары менен бул окуянын ортосунда байланыш жок экенин айткан. Сот бул позицияны колдоп, ишти мурдагы жагдайлардан өзүнчө караган.
Соттун чечимине макул болбогон юрист апелляциялык арыз менен сотко кайрыла турганынын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















