super.kg logo
  Саясат  

"Өмүр маанилүү". Депутат Абиров министрликти "Тез жардамга" көңүл бурууга чакырды

 

Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Абиров "Тез жардам" кызматында унаалар жетишсиз экенин айтып, Саламаттыкты сактоо министрлигинен ага көңүл бурууну суранды.

Ал Бишкек шаарында калктын саны 1 миллион 300 миңге жеткенин белгилеп, калаада 40тын тегерегинде гана "Тез жардам" унаасы кызмат кыларын билдирди.

"Эл кайрылганда 1 сааттан 2 саатка чейин күтүп калып жатышат. Алардан сурасак, алар "бизге унаалар жетишпейт" дешүүдө. Азыр Саламаттыкты сактоо министрлигине жаңы команда келди. Андыктан "Тез жардам" унаасын көбөйтүү маселесин суранат элек... Азыр адам өмүрү эң маанилүү", - деди эл өкүлү.






Депутат Абиров министрликти "Тез жардамга" көңүл бурууга чакырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: