"Оор акыбалда". Депутат Жумабеков өкмөттү төө буурчак маселесин чечүүгө чакырды
Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Жумабеков өкмөттү тез арада төө буурчак маселесин чечүүгө чакырды.
"Дыйкандар өтө оор акыбалга кептелишти. Баа күндөн күнгө төмөндөп жатат. Эми дүйнөлүк рынокто да баа туруктуу болбой жатат. Бирок мамлекет тарабынан дыйкандарга жардам берилиши керек болуп турат. Азыркы баа өзүн-өзү актабай жатат.
Дыйкандарыбыз ушунчалык кыйналып жатат, аргасыздан тиричиликтеги муктаждыктарын жабуу үчүн өзүн актабаган баага сатып жатышат... Таласта дыйкандар төө буурчак менен жылына 80 миллион доллар инвестиция тартып келишет", - деди ал.
Жумабеков аталган маселени өкмөттөн кезексиз жыйынга чогулуп, карап берүүнү суранды.
Депутат Жумабеков өкмөттү төө буурчак маселесин чечүүгө чакырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















