Трамп НАТОну Гренландия маселесинде АКШга жардам берүүгө чакырды
НАТО АКШга Гренландияны алуу маселесинде жардам бериши керек. Мындай талап менен АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында кайрылып чыкты.
"НАТО бизге Гренландияны алууга жол ачышы керек", - деп жазган Трамп.
Анын айтымында, эгер Гренландия АКШнын көзөмөлүндө болсо, Түндүк Атлантика альянсы кыйла күчтүү жана натыйжалуу уюмга айланат.
Буга чейин Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лёкке Расмуссен жана Гренландиянын көз карандысыздык жана тышкы иштер министри Вивиан Мотцфельд АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс менен мамлекеттик катчы Марко Рубиону АКШнын Гренландияга карата дооматтарынан баш тартууга ынандырууну пландап жатканы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















