Иран АКШ кол салса, америкалык базаларга сокку уруларын билдирди
Эгерде АКШ Ирандын аймагына кайрадан кол салууну чечсе, Тегеран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын базаларына сокку урат. Бул тууралуу Ирандын коргоо министри Азиз Нафизаде билдирди.
"Биздин жообубуз душмандарыбыз үчүн оор болот", - деп келтиришти чет элдик басылмалар.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын ири масштабдуу башаламандыктарды басуу боюнча аракеттерине жооп катары Тегеранга каршы катаал чаралар көрүлөрүн билдирген. Бирок америкалык маалымат каражаттары Трамп кандай конкреттүү чараларды көрүүгө даяр экенин азырынча чече электигин билдиришүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















