Ош шаарында дагы бир көчө капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү
Бүгүн, 14-январда Ош шаарында Курманжан датка жана Алымбек датка көчөлөрүн бириктирген П. Арзыкулов көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Арзыкулов көчөсүнүн жалпы узундугу 300 метрди, туурасы 10 метрди түзөт. Жол эки тилкелүү болуп асфальтталып, бир тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар, жашыл аймак каралып, ирригациялык лотоктор орнотулган.
Белгилей кетсек, көчөнү оңдоп-түзөө иштери толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















