super.kg logo

Даниянын ТИМи Трамптын Гренландияны алуу мүмкүнчүлүгүн баалады

 

АКШнын лидери Дональд Трамп Гренландияны ала албайт, анткени гренланд эли эл аралык укукка ылайык өз тагдырын өзү аныктоого укуктуу. Бул тууралуу Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лёкке Расмуссен чет элдик басылмаларга билдирген.

"Трамп Гренландияны ала албайт. Анткени Гренландия – бул Гренландия, ал эми гренланд эли эл аралык укуктун көз карашынан алганда да өз алдынча эл болуп саналат. Ал аралды ала албайт. Ошондуктан мен азыр бул жерде туруп алып, ага кантип бир нерсени тартып алса болору же эмнени кылбашы керектиги боюнча кеңеш бербешим керек", - деди дипломат.

Даниянын тышкы иштер министринин бул позициясын коргоо министри Троэльс Лунд Поульсен да колдоп, Дональд Трамп АКШга Гренландияны кошуп албашы керектигин белгилеген.

Эскерте кетсек, январь айында Дональд Трамп Даниянын премьер-министри Метте Фредериксенге телефон чалып, Гренландияны берүүнү талап кылганы маалым болгон. Булактардын айтымында, эки лидердин сүйлөшүүсү "абдан начар" өткөн, анткени америкалык лидер агрессивдүү мамиле жасап, конфронтацияга барган. Ошондой эле Трамп Дания тарап сунуштаган кызматташтык варианттарын четке какканы, аны "аралды АКШга өткөрүү гана кызыктырганы" айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: