"Шерменде болобуз". Депутат Талиева наам, сыйлыктар боюнча мыйзамга каршы чыкты
Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева мамлекеттик сыйлыктар, ардак наамдар боюнча мыйзамга каршы чыкты.
"Мыйзамдын автору ким болду экен? Бул Кыргыз мамлекетинин душманы. Бул мыйзам президентти да, Жогорку Кеңешти да уят кылат. "Кеменгер" деген наам мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге берилет дейт. Кеменгерди мамлекеттик кызматкерлерге берсек, алар бир күнү коррупция менен кармалса эмне дейбиз? Анда бул кеменгер эмес, жеменгер экен деп алып салабызбы?
Бул мыйзам эмнеге парламенттин комитетинен өттү? Эгер Жогорку Кеңеш өткөрсөк, шерменде болобуз. Жазуучу деген наам кийин пайда болгон. Эми Барпыны жазуучу деп чыгабызбы? Поэзия жанрын чийип салабызбы?" - деди эл өкүлү.
Талиеванын айтканын колдоого алган кесиптештери да болду. Натыйжада, аталган мыйзам күн тартибинен алынды.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин тармактык комитети "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
"Шерменде болобуз". Депутат Талиева наам, сыйлыктар боюнча мыйзамга каршы чыкты
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















