super.kg logo

АКШ 75 өлкөгө виза берүүнү токтотту. Кыргызстан да бар

 

АКШ белгисиз мөөнөткө 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык визаларды берүүнү токтотот. Бул өлкөлөрдүн катарына Кыргызстан да кирет.

Сөз иммиграциялык визалар тууралуу болуп жатат. Тактап айтканда, АКШда иштөө же үй-бүлө менен биригүү максатында берилүүчү визалар токтотулду. Ал эми туристтик, студенттик жана башка убактылуу визалар бул чечимге кирбейт. Айрыкча АКШда жай айларында өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна байланыштуу сапарларга чектөө коюлбай турганы белгиленди.

Чектөө 21-январдан тарта күчүнө кирип, белгисиз мөөнөткө чейин уланат.

Виза токтотулуучу өлкөлөрдүн тизмеси

Кыргызчтандан тышкары бул тизмеге Беларус, Ооганстан, Албания, Алжир, Антигуа, Барбуда, Армения, Азербайджан, Багамы, Бангладеш, Барбадос, Белиз, Бутан, Босния и Герцеговина, Бразилия, Мьянма, Камбоджа, Камерун, Кабо-Верде, Колумбия, Кот-д’Ивуар, Куба, Конго демократиялык республикасы, Дема, Доминика, Египет, Эритрея, Эфиопия, Фиджи, Гамбия, Грузия, Гана, Гренада, Гватемала, Гвинея, Гаити, Иран, Ирак, Ямайка, Иордания, Казакстан, Косово, Кувейт, Лаос, Ливан, Либерия, Ливия, Түндүк Македония, Молдова, Монголия, Черногория, Марокко, Непал, Никарагуа, Нигерия, Пакистан, Конго Республиксы, Орусия, Руанда, Сент-Китс, Невис, Сент-Люсия, Сент-Винсент, Гренадин, Сенегал, Сьерра-Леоне, Сомали, Түштүк Судан, Судан, Сирия, Танзания, Таиланд, Того, Тунис, Уганда, Уругвай, Өзбекстан жана Йемен.

Бул тизмеге Борбор Азиядагы Тажикстан жана Түркмөнстан кирген эмес.

"Public charge" принциби жана катуулатылган текшерүүлөр

Бул чечим АКШнын иммиграциялык мыйзамдарындагы "public charge" деп аталган принциптин негизинде кабыл алынган. Ага ылайык, эгер чет өлкөлүк жаран АКШнын социалдык системасына жүк болушу мүмкүн деп эсептелсе, ага өлкөгө кирүүгө же иммиграциялык виза алууга баш тартууга жол берилет.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Томми Пигготт ведомство өзүнүн мурда эле бар ыйгарым укуктарын активдүү колдонуп, американы колдонгондорго чара көрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык визаларды берүү чет элдик жарандардын социалдык жардамдарга жана мамлекеттик жөлөкпулдарга талапкер болуусун алдын алуу максатында жүргүзүлүп жаткан процедуралар кайра каралып бүткөнгө чейин токтотулат.

Кайталанып жаткан саясат жана кеңейген тизме

Бул тизмеге кирген айрым өлкөлөр буга чейин да АКШга кирүүгө чектөө коюлган мамлекеттердин кеңейтилген тизмесинде кездешкен. Эксперттердин айтымында, жаңы чечим АКШнын миграциялык саясатындагы убактылуу эмес, системалуу багытты көрсөтүп турганын айгинелейт.

АКШнын Мамлекеттик департаменти Дональд Трамп Ак үйгө кайтып келгенден бери 100 миңден ашуун визаны жокко чыгарганын билдирди. Бул бир жыл ичиндеги рекорддук көрсөткүч болду.

Ал эми өткөн айда АКШнын Ички коопсуздук министрлиги Трамптын администрациясы 605 миңден ашуун адамды депортациялаганын, дагы 2,5 миллион адам өлкөдөн өз ыктыяры менен чыгып кеткенин маалымдаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги эмне дейт?

АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий маалыматына ылайык, 2026-жылдын 21-январынан тартып бир катар чет мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын жарандары үчүн 5000ден 15 000 долларга чейинки өлчөмдө каржылык күрөө төлөө талабы киргизилет. Каржылык күрөөнүн так өлчөмү маектешүүнүн жүрүшүндө консулдук кызматкер тарабынан жеке тартипте аныкталат.

Мындан тышкары арыз берүүчү консулдук кызматкердин тиешелүү көрсөтмөсү берилгенден кийин гана АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин I-352 формасын толтурууга жана АКШнын Каржы министрлигинин Pay.gov онлайн төлөм платформасы аркылуу каржылык күрөө шарттарына макул экендигин тастыктоого милдеттүү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөргө көңүл бурат:

  • каржылык күрөөнүн төлөнүшү визанын берилишине кепилдик бербейт;
  • АКШнын аймагында иммиграциялык статус өзгөртүлгөн учурда же уруксат берилген мөөнөттөн ашыкча калган учурда күрөө кайтарылбайт;
  • көрсөтүлгөн талаптар күчүнө киргенден кийин берилген жаңы арыздарга гана колдонулат.

Каржылык күрөө шартында виза алган жарандар АКШга кирүүнү жана андан чыгууну төмөнкү өткөрмө пункттары аркылуу гана жүзөгө ашырууга милдеттүү:

  • Бостон шаарындагы Логан эл аралык аэропорту (BOS);
  • Нью-Йорк шаарындагы Жон Ф.Кеннеди атындагы эл аралык аэропорту (JFK);
  • Вашингтон шаарындагы Даллес атындагы эл аралык аэропорт (IAD).

Көрсөтүлгөн талаптарды сактабаган учурда АКШга кирүүдөн баш тартууга же чыгуу процессинин туура эмес таризделишине алып келиши мүмкүн.

Айрым чет мамлекеттердин бул тизмеге киргизилиши тиешелүү мамлекеттердин жарандары тарабынан визалык режимдин бузулушунун жогорку деңгээли аныкталгандыгы менен шартталган.

Ушуга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарына барууну пландап жаткан жарандарды визалык талаптардагы өзгөрүүлөр менен алдын ала таанышууга, виза алуу жана АКШда жүрүү шарттарын так сактоого, ошондой эле кабыл алуучу өлкөнүн визалык жана миграциялык мыйзамдарын бузбоого кайрадан чакырат.

Ал арадагы сүйлөшүүлөр...

Кыргызстан да өз аракетин көрүп, бул багытта иш алып барууну көздөөдө. 13-январда тышкы иштер министринин орун басыры Медер Абакиров АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Анда кийинки жылдын 4-5-февралында Бишкек шаарында өтө турган "B5+1" форумуна даярдык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бирок Абакиров АКШ тарабынан Кыргызстандын жарандарына B-1/B-2 визаларын берүүдө киргизилген кошумча талаптар маселесин да көтөрүп, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү. Тараптар визалык маселелер боюнча кабыл алынуучу чечимдерди биргеликте издөөнү макулдашты.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: