Хит болуп жаткан "Маралдайым" ырынын автору чыгарманын тарыхын айтып берди (видео)
Төкмө акын, ырчы Мамбеттокто Мамбеторозо уулу SUPER.KG медиа порталына маек берип жатып, учурда хит болуп жаткан "Маралдайым" ырынын тарыхы тууралуу айтты.
Айтымында, чыгарманын тексти 2024-жылы жазыла баштаган.
"Бир тойго барып, ал кеч башталап калды. Ары-бери басып жүрүп, "Басканың сенин, сенин маралдай, Башкадан сендей сүйүү таба албай" деп жаздырып койдум. Андан кийин үйгө келип "Мен сени издеп жүрөм, Сүрөтүңдү тиктеп жүрөм. Сен болдуң, карматпаган жагалмай" деп улантып жазып, Тиктокко салып койдум. Элден ушул жанрда ырдасам кандай болот экен деп сураганда, көпчүлүк жактырды. Анан Кундуз Таштаналиева эжекебиз менен жакшылык кызматка Жаңы жылда Таласка барып калдык. Ага угуздум. Эже "сенин өзгөчө жанрың бар экен, аранжировкага берип кой да" деп калды. Ал жактан чабыттанып келип, кыялданып, текстин жазып калдым", - дейт төкмө акын.
Маекти толугу менен SUPER.KG медиа порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















