super.kg logo

"Адам өлтүрүүлөр азайды". Трамп Иранга каршы ыкчам сокку уруудан баш тартты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп шаршемби күнү Иранда жалпы улуттук нааразылык акцияларын басуу учурунда адам өлтүрүүлөрдүн саны азайганы тууралуу маалымат алганын билдирди. Ошого карабастан, Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы чыңалуу дале сакталып турат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып жатышат.

Журналисттер “бул маалыматты ким берген?” деген суроого Трамп аны “экинчи тараптагы абдан маанилүү булактар” билдиргенин айтты.

Трамп АКШ тараптан аскердик аракеттер болушу мүмкүн экенин толугу менен четке каккан жок. "Биз кырдаалдын өнүгүшүн байкап турабыз", — деди ал. Ошондой эле Трамп АКШ администрациясы Ирандан “абдан жакшы билдирүү” алганын белгиледи.

Маалымдалгандай, Трамптын бул билдирүүлөрү Ирандагы кризис кеңири регионалдык кагылышууга айланып кетиши мүмкүн деген кооптонууларды акырындап азайтуу максатын көздөшү мүмкүн.

Буга чейин дүйшөмбү күнү берген маегинде Дональд Трамп иран бийлиги массалык башаламандыктар учурунда кармалган нааразылык билдирген жарандарды өлтүрүүнү уланта турган болсо, АКШ “абдан катуу чараларды” көрөрүн эскерткен.

Ошол эле учурда Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Министрлер кабинетинин жыйынында калктын колдоосу жана канааттануусу өлкөнү тышкы басымдан коргогон негизги фактор экенин билдирди. Ал бардык мамлекеттик мекемелерди элдин көйгөйлөрүн чечүү үчүн максималдуу аракет көрүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: