super.kg logo

НАТОнун үч өлкөсү Гренландияга аскерлерин жөнөтөт

 

Германия, Швеция жана Норвегиянын аскер кызматкерлери АКШнын Гренландия аралына карата аймактык дооматтары күчөп турган шартта, 15–17-январь күндөрү чалгындоо миссиясы менен барышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Берлиндин маалыматына караганда, миссиянын негизги максаты — аймактагы коопсуздукту камсыздоонун мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө. Германиянын Коргоо министрлиги бул иш-чара Даниянын чакыруусу менен өтөрүн белгиледи.

"Максат – Данияны региондогу коопсуздукту камсыздоодо, айрыкча деңиз байкоосу жаатында аскердик колдоонун мүмкүн болгон жолдорун изилдөө", — деп түшүндүрдү ведомство.

Миссияга Германиядан 13 аскер кызматкери катышат. "Норвегия эки жоокер жөнөтөт", - деп билдирди өлкөнүн коргоо министри Торе Сандвик. Ал эми Швециядан Гренландияга бир нече офицер барары маалым болду. Бул тууралуу Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон билдирди.

Бул миссияны Дания көзөмөлдөйт жана операция АКШ менен координациясыз жүргүзүлүүдө. Бул жагдай Вашингтондун акыркы күндөрү Гренландияга карата аймактык дооматтарын кайрадан ачык айта баштаган фонунда өзгөчө көңүл бурууда.

АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландиянын премьер-министри Йенс-Фредерик Нильсендин арал Даниянын курамында калууну каалай турганы тууралуу билдирүүсүнө да комментарий берди. Трамп анын ким экенин билбесин айтып, "бирок бул анын өзү үчүн чоң маселе болот" деп кошумчалаган.

Буга чейин Дания парламентинин депутаты Копенгаген Гренландияны ядролук курал колдонуу коркунучу жаралган күндө да бербей турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: