super.kg logo

АКШ Газа боюнча тынчтык планынын экинчи этабына өтөрүн жарыялады

 

АКШ президентинин атайын өкүлү Стивен Уиткофф Дональд Трамптын атынан Газа секторундагы согушту токтотуу боюнча пландын экинчи этабына өтүү жарыяланганын билдирди.

Уиткофф X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө Трамптын планынын бул этабы Газа секторунда өткөөл администрация түзүүнү, ошондой эле аймакты куралсыздандыруу жана калыбына келтирүү процесстерин баштоону карай турганын эске салды.

Анын айтымында, АКШ ХАМАС кыймылынан келишимдин алкагындагы бардык милдеттенмелерди толук аткарууну, анын ичинде каза тапкан акыркы израилдик барымтанын сөөгүн кайтарып берүүнү күтөт. "Бул талаптар аткарылбаса, олуттуу кесепеттерге алып келет", — деп эскертти Уиткофф.

Израил менен ХАМАС 2025-жылдын октябрь айында ок атышууну токтотууга макул болуп, Дональд Трамптын администрациясы иштеп чыккан тынчтык планын кабыл алышкан. Бул пландын биринчи этабы ХАМАСтын колунда калган бардык израилдик барымталарды Израилдин түрмөлөрүндөгү палестиналык туткундарды бошотууга алмашууну караган.

The Times of Israel жана The Wall Street Journal басылмалары январь айынын башында Израилдин Коргоо армиясы ХАМАС көзөмөлдөгөн Газа секторунда жаңы жер үстүндөгү операциянын планын иштеп чыкканын билдиришкен.

Маалыматтарга караганда, операция 2026-жылдын март айына пландалган, бирок АКШнын колдоосу болмоюнча ишке ашпайт. Анткени АКШ Трамптын тынчтык планынын алкагында ХАМАСты куралсыздандыруу максатын көздөп келет. Басылмалардын булактары террористтик топ куралсыздануудан баш тартып, өзүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн калыбына келтирүүгө көңүл буруп жатканын белгилешкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: