Таласта балдар бакчасы жер алдынан жылытуу системасын колдонууда
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас районундагы “Тайкүлүк” балдар бакчасына иш сапары менен барып, жылытуу системасы менен таанышты. Бул тууралуу мекменин басма сөз кызматы маалымдайт.Берилген маалыматка ылайык, бакчада табигый жол менен иштеген “суу–суу” жылытуу системасы орнотулган. Башкача айтканда, жер алдындагы суудан жылуулук алынып, мекеме жылытылат. Аталган ыкма экономикалык жактан да, экологиялык жактан да пайдалуу болуп саналат.
"Бул жылытуу системасын колдонуу ыкмасын башка билим берүү уюмдарына жайылтуу максатында республикалык деңгээлде семинар уюштуруу зарыл", - деп билдирет министр билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















