Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директоруна жаңы орун басар дайындалды
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп Замирбек Кененбаев дайындалды. Бул тууралуу 15-январда мекемеден кабарлашты.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы кол койду.
Буга чейин ал кызматты Эльдана Сатарова аркалап келген. Ал 14-январда ээлеген кызматынан бошотулду.
Кененбаев 1981-жылы 9-ноябрда туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык, экономикалык жана бажы иши факультеттерин бүтүргөн.
Иш тажрыйбасы:
- 2005-жылы – 06.2021-жылдары — өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финансы полициясы);
- 26.04.2022 – 03.10.2022-жылы — Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, башкы инспектор;
- 01.10.2022 – 27.03.2023-жылы — Министрлер кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиги, башкы инспектор;
- 16.06.2023 – 16.11.2023-жылы — Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги, директордун жардамчысы;
- 16.11.2023 – 14.01.2026-жылдары — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу «Объекттерди башкаруу боюнча дирекциясы» мамлекеттик ишканасы, директордун орун басары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















