Акыйкатчы чет өлкөлүктөр кармалган жайдын шартына нааразы болду (сүрөт)
Акыйкатчы Жамийла Жаманбаева Чүйдөгү чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоочу жайдын абалына нааразы болду. Бул тууралуу институттун басма сөз кызматы маалымат таратты.
Анда Жаманбаева институттун кызматкерлерин аталган жайга эки жолу киргизбей коюшканын белгилеген. Институттун кызматкерлерин мажбурлап кармоочу жайларга тоскоолдуксуз киргизиши керектигин, ошондой эле мындай кирүүгө уруксат берүүдөн баш тартуу мыйзамды түздөн-түз бузуу экенин билдирген.
"Ал жерде санитардык-гигиеналык, жылытуу системасында, тамак-ашка байланыштуу көйгөйлөр белгилүү. Учурунда борборго 160 адам жайгаштырылган. Санитардык-гигиеналык шарттар канааттандырарлык эмес. Дааратканалар жабык, короодо үч көчмө даараткана жайгашкан. Кармалгандарда котормочу, жактоочу, туугандары менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон эмес", - деп билдирген институт.
Буга байланыштуу акыйкатчы Башкы прокуратурага кат жолдоду. Ошондой эле ИИМди тоскоолдук кылган кызматкерлерге чара көрүүгө жана ачыктыкты камсыздоого чакырган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















