Былтыр мас айдоочулар катышкан жол кырсыктарынын саны айтылды
Жогорку Кеңештин 15-январдагы жыйынында мас абалда оор эреже бузган айдоочуларга карата жазаны күчөткөн мыйзам долбоору каралды. Анда депутат Жылдыз Эгембердиева өткөн жылы мас абалында унаа башкарган айдоочулар катышкан жол кырсыктарынын санына кызыкты.
"2025-жылга карата мас абалында унаа башкарган айдоочулардын катышуусунда канча жол кырсыгы катталган? Алардын ичинен каза болгондордун саны канча?" - деген собол салды депутат.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов: "Былтыр 395 учур катталып, 83 адамдын өлүмүнө алып келген. Ал эми 2024-жылы 355 учур катталса, 45 жарандын өлүмүнө алып келген. Муну менен каза болгондордун саны 84 пайызга өстү", - деди ал.
Ал кошумчалагандай, жаракат алгандардын саны былтыр 15 пайызга көбөйгөн.
Былтыркы жылы мас абалында жол кырсыкка кабылган айдоочулардын саны айтылды
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















