"Сүйлөшүүлөр башталды". ТИМ башчысы АКШ койгон визалык күрөөлөр боюнча билдирди
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын 15 миң доллардык визалык кепилдик төлөмүн киргизүүсү боюнча билдирди.
Анын айтымында, сүйлөшүүлөр башталды.
"Эгер биздин айлык 40 миң доллар болсо, башкача маселе болмок. Биз жарандарыбыздын айлык акылары миң доллардан ашпаса эмнени жасаш керектигин сурап жатабыз. Бул багыттар Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнө да тиешелүү. Ошондуктан, албетте, биргелешкен талкуулар болот", - деди Кулубаев.
Ошондой эле министр АКШнын иммиграциялык визаларды убактылуу токтотуу чечими өлкөнүн ички саясаты экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, АКШ 75 өлкөгө виза берүүнү убактылуу токтотту, анын катарын Кыргызстан да толуктайт. Талаптар жана күрөөлөр боюнча да айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















