Гренландия үчүн тиреш: Дания АКШга ачык позициясын билдирди
Даниянын коргоо министрлигинин өкүлү Тобиас Роед Йенсен АКШ Гренландияны күч колдонуу жолу менен өзүнө кошууга аракет кылса, даниялык аскерлер жооп иретинде ок атууга милдеттүү экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, 1952-жылдагы королдук жарлыкка ылайык, Даниянын куралдуу күчтөрү өлкөнүн аймагын, анын ичинде Гренландияны да коргоого укуктуу жана зарыл учурда жогорку жетекчиликтин буйругун күтпөстөн коргонуу чараларын көрө алат.
Буга чейин Дания Гренландияга аскердик техника жана алдыңкы бөлүктөрдү жөнөткөнү кабарланган. Ал эми 14-январда АКШ президенти Дональд Трамп Гренландияга болгон кызыкчылык сакталууда экенин билдирген.
Гренландия Даниянын автономдуу аймагы болуп саналат. 1951-жылы АКШ менен Дания аралды коргоо боюнча атайын келишимге кол коюшкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















