Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 29 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 14-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына "102" кызматы аркылуу шаардагы жаңы конуштардын бириндеги талаадан зомбулук белгилери бар адамдын сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Окуя болгон жерден 35-40 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылып, анын өздүгү такталып, 1976-жылы туулган А.Р. экени аныкталган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө "Коопсуз шаар" видеокамераларынын жардамы менен шектүү катары 1996-жылы туулган Б.у.К. аттуу жаран Кочкор районунда кармалып, Бишкек шаарына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Алдын ала маалымат боюнча, шектүү менен маркумдун ортосунда спирт ичимдиктерин ичип отурганда жаңжал чыгып, мушташ учурунда шектүү маркумга оор жаракат келтирген. Учурда тергөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















