Ирандын ТИМ башчысы Трампты согуштан баш тартууга чакырды
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи АКШнын президенти Дональд Трампты мурдагы каталарын кайталабай, конфликттерди тынч жол менен чечүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Арагчи Трамп согушту эмес, дипломатияны тандаганы эң туура жол экенин белгилейт.
Арагчи ошондой эле Трамптын Ирандагы нааразычылык акцияларын колдоо жана бийликке басым көрсөтүү боюнча билдирүүлөрүн сынга алган.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иран бийлигине нааразы болгон жарандарды мамлекеттик мекемелерди басып алууга чакырган. Ал Ирандын расмий өкүлдөрү менен бардык жолугушууларды токтотконун жана Тегеран менен диалог жүргүзүүдөн баш тартканын билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:08
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















