super.kg logo

Алдамчылыкка айыпталып эки жылдан бери издөөдө жүргөн шектүү кармалды (видео)

 
Эки жылдан бери алдамчылыкка айыпталып, издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, милицияга О.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2023-жылдын ноябрь айында өзүн Мурат деп тааныштырган жаран сот ишине байланыштуу маселени оң жагына чечип берүүнү убада кылып, алдамчылык жолу менен 25 миң доллар акча каражатын алган. Андан кийин шектүү белгисиз багытта изин жашырып кеткен.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери тарабынан Оштун Өзгөн районундагы Ак-Кыя айылында эки жылдан бери издөөдө жүргөн, мурда бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп эсептелген 56 жаштагы С.М. аттуу жаран кармалган.
Учурда тергөө иштери уланууда.





15.01.26

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: