Кыргыз тили үчүн талап... "Куликов" менен блогердин тиреши оң жакка чечилди (видео)
"Куликов" кондитердик үйү менен блогер Актилек Орозбеков элдешти.
"Биз кечириштик. Кыргызстаныбызда ынтымак болсун, өнүгүү болсун. Жыйынтыгында бардык маселелер тынчтык жолу менен чечилип, жаралган түшүнбөстүктөр такталды. Компаниянын кызматкери мурда берилген арызын кайтарып алды. Мындан ары тараптардын бири-бирине карата эч кандай дооматтары жок", - деп билдирди аталган кондитердик үйү.
Айта кетсек, блогер аталган компаниянын бирине барып, кызматкерлерди кыргыз тилинде кызмат көрсөтүүсүн талап кылган. Анын талабы аткарылбай, кеңсенин кызматкерлери менен пикир келишпестик орун алган. Андан ары кызматкерлер блогерди сотко берип, ал 9 ай үй камагында болду.
Бул көрүнүш коомчулукта массалык нааразычылык жаратып, көпчүлүк кондитердик үйдүн кызматкерлери кыргыз тилин билүүсү керектигин айтып чыгышты. Бул арада коңшу Казакстандын да айрым жарандары тилектештигин билдирип, окуя резонанс жаратты.
Торт чыгарган компания менен блогердин тиреши оң жакка чечилди
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















