super.kg logo

Жогорку Кеңеш мас абалдагы айдоочуларга карата жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун колдоду   

 

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңеш мас абалда оор эреже бузган айдоочуларга карата жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоору президенттин 2021-жылдын 7-декабрындагы "Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун айтымында, мас абалында жасалган, бир же бир нече адам өлүмү болгон оор кесепеттерге алып келген эреже бузуулар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү, жабырлануучу менен жарашуу жолу аркылуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, жазалардын даражасын кайрадан карап чыгуу, эркиндигинен ажыратуунун узак мөөнөттөрүн белгилөө жана пробацияны колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу сыяктуу өзгөртүүлөр сунушталууда.

"Мындан тышкары мопеддерди механикалык транспорт каражаттарына теңеп, аларды башкаруу үчүн "А1" категориясындагы айдоочулук күбөлүктү милдеттендирүү каралууда", - деди Урмамбетов.

Жыйында депутат Дастан Бекешев жөө жүргүнчүлөр үчүн жана мобилдик транспорт каражаттарынын айдоочулары үчүн жол тилкелерин өз-өзүнчө бөлүү керектигин билдирсе, эл өкүлү Болот Ибрагимов мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн айып пулдардын өлчөмүн жогорулатуу зарылдыгын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: