Эски айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырууда медициналык маалымкат талап кылынбайт (видео)
Эртең, 16-январдан баштап “Түндүк” тиркемеси аркылуу эски айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдириди.
Ал "Унаа" мекемесине барып, ал жерде кезекте тургандар менен баарлашты.
Анын айтымында, 083 медициналык маалымкат жаңы күбөлүк алып жаткан айдоочулардан гана талап кылынат.
"Эми сиз айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштыра аласыз жана “Унаа” бөлүмдөрүнө келүүнүн зарылдыгы жок. Эгер 15-февралга чейин үлгүрбөсөңүз, мөөнөттү узартабыз", - деди Каныбек Туманбаев.
“Унаа” филиалынын биринде жарандар менен болгон жолугушууда ал мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алып салуу тууралуу түшүндүрдү. Анын айтымында, андай күбөлүктөр чет өлкөлөрдө таанылбайт.
Эски айдоочулук күбөлүктү онлайн алмаштырууда 083 медициналык маалымкат талап кылынбайт
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















