Таластагы "Манас-Ордо" комплекси реконструкцияланууда (видео)
Талас облусундагы Кыргыз улуттук “Манас-Ордо” комплекси акыркы 30 жылда биринчи жолу ири масштабдагы реконструкция иштеринен өтүп жатат. Бул тууралуу 15-январда Курулуш министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, реконструкциялоо иштери активдүү жүрүп, жалпы аянты 225 гектарды түзүүдө. Жаңы долбоорго ылайык, музей имаратынын аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейет.
"Долбоорго ылайык, комплекс күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алууга жөндөмдүү болгон Борбордук Азиядагы уникалдуу маданий мейкиндикке айланат. Комплексте административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук элементтер камтылган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле салтанаттуу иш-чаралар үчүн борборлор курулууда. Мындан тышкары, коноктор үчүн соода жана эс алуу аймагын түзгөн галерея жана 3500 орундуу маданий жана коомдук иш-чаралар борбору да каралган", - деп айтылат билдирүүдө.
"Манас-Ордо" комплекси 30 жылда биринчи жолу реконструкцияланууда
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















