super.kg logo

Калпагы менен таанылган Кубанычбекке Ысык-Көлдүн жетекчилери батир белекке берди (видео)

 

Бишкектеги Дене тарбия жана спорт академиясында калпагын чечпей, орусча сүйлөөсүн талап кылган кызматкерге баш ибей коюп таанылган Кубанычбек аттуу спортчуга Ысык-Көл облусунун бийлик өкүлдөрү батир белек кылды.

Ак өргөөнүн ачкычын облус жетекчиси Бакытбек Жетигенов тапшырып, мындан ары жетишкендиктер гана болсун деген тилегин билдирди.

Айта кетсек, Кубанычбек Бишкек шаарына спорттук мелдешке келип, аталган академиянын кызматкери менен болгон пикир келишпестиги коомчулукта резонанс жараткан. Андан кийин ал басылмаларга ата-энеси жоктугун, көчөдө тарбиялагандыгын айтып, жер төлөдө күн кечирерин көрсөткөн. Андан кийин бийликтин жардамы менен убактылуу батирге көчүрүлүп, эми өз үйүнө ээ болду.

Кубанычбек жеңил атлетика боюнча машыгып, Кыргызстандын намысын коргоп келе жаткан жаш спортчулардын бири.






Калпагы менен таанылган Кубанычка Ысык-Көлдүн жетекчилери батир тапшырды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: