"Бардык казак элинен кечирим сурайм". Атасын өлгөнчө сабаган адам сотто ыйлап жиберди

Жетысайда кары атасын систематикалык сабаган адамдын соту аяктап калды
Туркестан облусунун Жетысай райондук сотунда кары атасын систематикалык сабаганы үчүн айыпталып жаткан адамдын иши аяктап келе жатат. 15-январда айыпталуучу сотто акыркы сөзүн айтты. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышууда.
Айыпталуучунун акыркы сөзү
Соттук отурум учурунда айыпталуучу эмоциясын баса албай ыйлады. Ал өз күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, коомчулуктан кечирим сурады.
"Бардык казак элинен кечирим сурайм. Жүрөгүмдү толук кайгы басып турат. Азгырылдым, ката кетирдим. Өмүр бою өкүнөм. Бардык мусулмандардын алдында кечирим сурайм. Мени түшүнүп, кечирип коюңуздар. Күнөөмдү толугу менен моюнума алам", — деди айыпталуучу сотто.
Эскерте кетсек, прокурор айыпталуучу үчүн 6 жыл 2 айга эркиндигинен ажыратуу өкүмүн суранган.
Трагедиянын тарыхы
Бул иш коомчулукта чоң резонанс жараткан. Былтыр сентябрь айында социалдык тармактарда окуянын видеосу араган. Кадрларда кары адамдын кандуу бетинин көрүнүшү бар. Ал өз алдынча тура албаганда, уулу аялын чакырып, экөө аны үйгө киргизген.
Андан кийин белгилүү болгондой, атасы көз жумган. Полиция жубайлар боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок аялына карата козголгон иш далилдин жоктугунан токтотулган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















