super.kg logo

Агартуу министри Таласта авариялык абалдагы мектептерди кыдырды

 
Бүгүн, 15-январда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Талас облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Манас районундагы авариялык абалдагы бир катар мектептерди кыдырды.
Алгач министр Бала-Саруу орто мектебинин авариялык абалдагы имараты менен таанышып, жаңы мектеп куруу боюнча сунуш киргизүү тапшырмасын берди. Аталган мектеп 1957-жылы 220 орунга ылайыкталып курулуп, учурда анда 397 окуучу билим алууда.
Андан соң Кендирбаева Кара-Арча орто мектебине барды. Үч корпустан турган бул билим берүү мекемеси район борборунан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Мындан тышкары министр Семетей айылындагы Покровка жалпы билим берүү орто мектебинин жана Кеңеш айылындагы Исак Отунбаев атындагы орто мектептеринин абалы менен таанышты. Покровка мектебинде учурда 878 окуучу билим алса, Исак Отунбаев атындагы мектепте 180 окуучу окуйт. Ошондой эле 1964-жылы курулган Манас орто мектебинин имараты капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экени белгиленди.
Иш сапардын алкагында министр мугалимдер жамааты менен жолугуп, жаңы муундагы окуу китептерин колдонуу, “Алтын-Казык” ноутбуктары аркылуу сабак өтүү жана санариптик билим берүү платформаларынын иштеши менен таанышты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: