Депутат парламентте кыргыз тили маселесин көтөрдү (видео)
Жогорку Кеңештин 15-январдагы жыйынында депутат Бактыяр Калпаев кыргыз тили тууралуу маселе көтөрдү. Эл өкүлү акыркы учурда социалдык тармактарда тил маселеси байма-бай айтылып жатканын белгиледи.
"Торт саткан кондитердик дүкөнгө барып, "кыргыз тилинде мени тейлегиле" дегени үчүн жаран камакка алынып, 9 айдан бери үй камагында болду. Кыргыз тилинде тейлегиле деген талапты коюу кылмышпы?" - деп депутат укук коргоо органдарына кайрылды.
Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева бул маселе боюнча жыйында дароо юридикалык баа берүүгө мыйзам жол бербей турганын айтты.
"Ал үчүн кылмыш иштин материалдарын толук окуган соң гана маалымат бергенге укугубуз бар. Анткени ал жакта жабырлануучу жана шектүү айыпкери да бар. Бул жерде кылмыштын курамы бар же жок деп айтканга укугубуз жок", - деди орун басар.
Депутат мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жасап жаткан иштерди мисал кылып, жеке тейлөө жайларынын ээлерин кыргыз тилин сыйлоого чакырды.
Белгилей кетсек, блогер Актилек Орозбеков "Куликовдун" дүкөндөрүнүн бирине барып, кызматкерлерди кыргыз тилинде кызмат көрсөтүүсүн талап кылган. Анын талабы аткарылбай, кеңсенин кызматкерлери менен пикир келишпестик орун алган. Андан ары кызматкерлер блогерди сотко берип, ал 9 ай үй камагында болду.
Бул көрүнүш коомчулукта массалык нааразычылык жаратып, көпчүлүк кондитердик үйдүн кызматкерлери кыргыз тилин билүүсү керектигин айтып чыгышты.
Бүгүн, 15-январда "Куликов" кондитердик үйү менен блогер Актилек Орозбеков элдешкени маалымдалды.
Депутат кыргыз тил маселесин көтөрдү
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















